Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жанар Акаев: Абылгазиевдин тушунда казак операторлорго биздин жыштыктар ит бекер берилген (видео)

26.05.2020 17:59
1176
Жанар Акаев: Абылгазиевдин тушунда казак операторлорго биздин жыштыктар ит бекер берилген (видео)


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев анын жыштык сатуудагы коррупция тууралуу айтканы боюнча жооп кайтарган премьер-министр менен Башкы прокуратуранын билдирүүсү боюнча пикирин айтты. Эл өкүлү эмне айтса баарын фактыга таяганын билдирип, Абылгазиевдин тушунда казак операторлорго жыштыктар ит бекер берилгени чын экенин, ага эртеби кечпи жооп берчү күн келерин билдирген.  


“Премьер-министр Абылгазиев Жанар Акаевдин өзүнүн абийирине койдум деп айтыптыр. Абийир тууралуу сүйлөшө турган болсок. Премьер-министр Абылгазиевдин тушунда маалыматтык коопсуздукту эске албай туруп, жалаң Казакстандык уюлдук операторлорго жыштыктыктарды ит бекер бергени – факт. Ошонун айынан азыр 5 адам түрмөдө отурганы да факт. Алар жооп берип жатышат. Ошол жооп берүү жогорку деңгээлдеги кызматтагыларга чейин жетет. Балким, азыр саясий колдоо алып алышыңар мүмкүн. Бирок, бул көпкө узабай эле жооп берчү күн келет деп ишендиргим келет",  - дейт ал.


Ошондой эле Ж.Акаев  өкмөт “КТ Мобайл” деп өзүнчө уюлдук оператор ачтырып, “Мегакомдун” бюджетинен 345 миллион сомду бөлдүрүп, бирок ошол “КТ Мобайлга” премьер-министр бажасынын баласын жетекчилик кызматка коюп, акыры ал компания да банкроттук абалга кептелгенин катуу сындаган.  


Ал эми Башкы прокуратуранын билдирүүсү боюнча эл өкүлү маалыматты эмнеге ушул убакка чейин коомчулуктан жашырып отурганына кызыккан. 


“Эми Башкы прокуратура “жыштыктарды мурда эле ордуна кайтарганбыз, бул жерде Жанар Акаев биздин эмгекти өзүнө менчиктеп жатат” деп жооп берип жатат. Ошону эмне үчүн мурда айтып койгон жоксуңар? Эмне үчүн ал маалыматта жашырып жаттыңар? Бул жерде дагы премьер-министрин аты аталгандан кийин күмөндүү жагдайда балким билинбей калышы мүмкүн деп, маалыматты элден жашырып жаттыңарбы?", - деп суроо салат депутат.


Өз билдирүүсүнө тездик менен жооп берген өкмөт менен Башкы прокуратурага бир катар чуулгандуу иштер боюнча суроо салган Ж.Акаев, элдин баары ушул окуялардын аягын күтүп жатканын эске салган. 


"Дача-СУ боюча иш эмне болду? Батукаевди экстрадициялоо маселеси эмне болду? Бажыдагы контрабандалык чуулгандуу иштер эмне болду? Ушул үч суроого тез арада жооп берип койсоңуздар. Анткени, менин кечээки маегиме реакция кылып жооп бердиңиздер, эми ушул суроолорго да жооп берип койсоңуздар. Элдин бардыгы ушундай чуулгандуу маселерге жоопту күтүп жатат” - дейт депутат өз билдирүүсүндө. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн