Теке 06, 2024
Убакыт: 17:51
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Жаңы-Жер жана Максат айылынын милициясына унаа тапшырылды (фото)

20.05.2021 09:11
941
Жаңы-Жер жана Максат айылынын милициясына унаа тапшырылды (фото)


30-апрель күнү чек ара тилкелеринде таджик жарандарынын куралдуу кол салууларынын жыйынтыгында таджиктер тарабынан Кулуңду айыл аймагындагы Максат айылдык милиция пунктунун имараты толугу менен күйүп кеткен. Ал эми Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү талкаланып, тонолгон.Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын ИИМ министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков 9-май күнү Баткен облусундагы иш сапарында Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулуңду айыл аймактарына барып, чек ара тилкелеринде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин жумушу менен таанышып, милиция кызматкерлерин колдоо максатында кызматтык унааларды убадалаган.

Бүгүн, 19-май күнү Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнө жана Максат айылдык милиция пунктуна “Нива” үлгүсүндөгү 2 кызматтык унааларды, ал эми Баткен РИИБне “Honda CR-V 2” үлгүсүндөгү кызматтык унааны тапшырды.

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов чек ара тилкелеринде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери менен жолугуп, куралдуу кагылышууда жабыркаган милициянын имараттарын тез аранын ичинде калыбына келтирүү боюнча ой-пикирлерин айтып, тийиштүү тапшырмаларды берди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн