Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жаңы-Жердеги адам өлүмүнө шектелген эки адам кармалды

26.09.2023 16:00
246
Жаңы-Жердеги адам өлүмүнө шектелген эки адам кармалды


Жаңы-Жер айылында адам өлтүрүүгө шектелген эки адам колго түштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук ИИББ билдирди.


Милиция шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктап, натыйжада 41 жаштагы А. К. К. жана 44 жаштагы Д. М. М. аттуу эки кишини кармады.


Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаңы-Жер айылынын 69, 35 жана 26 жаштагы тургундары кармалган. Ал эми буга чейин куралчан шектүүлөр — 44 жаштагы Д.М.М. менен 41 жаштагы А.К.К. изделип жаткан болчу.


Эскерте кетсек, окуя 23-сентябрда болгон. Милициянын маалыматы боюнча, жаңжал адегенде айылдык жаштар ортосунда чыккан. Буга "муундар арасында улууларды сыйлоо" талаш-тартышы себеп болгон. Кийин ызы-чууга алардын ата-энелери аралашкан. Чыр күчөп отуруп мушташка, курал колдонууга жеткен. Окуядан 69 жаштагы киши каза таап, 36 жаштагы адам ооруканага жеткирилген. Милиция жаңжалдашкан эки тарап тең бир улуттагылар экенин белгилеген.


Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 30дан ашуун киши суракка алынган. Алардын айрымдары абалды курчутуп, ок атышууга чейин алып келгени айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн