Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:55
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жаңы мыйзам кабыл алынса министрлерге үй берилет

06.10.2021 15:30
1512
Жаңы мыйзам кабыл алынса министрлерге үй берилет

Бүгүн, 6-октябрда Жогору Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков министрлер кабинетинин мүчөсү эмне үчүн кызматтык турак жай алууга укуктуу экенине кызыкты. Ал эмне үчүн мамлекет ар бир министрге турак жай бериши керек, деп сураган.


"Бул илгертеден бери келе жаткан норма, ошондуктан мыйзам долбоорунда бар. Бирок кызматтык турак жай менчиктештирилбейт. Бул министрлердин бары бекер үй менен камсыз болуп жатат дегенди билдирбейт", – деп жооп берди юстиция министри.


“Бул өтө эле ашачапкандык. Жаңы мыйзам боюнча, министрлер кабинетинин мүчөсүнө кызматтык ишмердүүлүктү аткарууга мезгилинде өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу болсо, аларды мамлекет коргоого алышы керек экени жазылган. Зарыл болгон учурда, коопсуздук чаралары министрлер кабинетинин мүчөсүнүн жубайына жана жакын туугандарына карата колдонулушу да мүмкүн. Кайсы министрди коркутуп жатышат? Тескерисинче, министрликтер калктын жашоосуна кол салышат. Эмне үчүн аларга социалдык пакет, сыйлык түрүндө мындай жеңилдик берилгени жатат?", - деди Момбеков.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
мир
министрлердин уйу жокпу?