Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 08:52
USD
89.40
89.77
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Жаныбек Абиров №1326 шайлоо участкасында добуш берди

11.04.2021 13:00
758
Жаныбек Абиров №1326 шайлоо участкасында добуш берди


“Эмгек” партиясынын төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы №12 мектептеги №1326 шайлоо участкасында добуш берди. Абиров добуш берип чыккандан кийин Кыргызстандын жана борбор калаанын келечеги үчүн жарандык позициясын билдиргенин айтты. Ошондой эле ал “Эмгек” партиясынын жеңишке болгон мүмкүнчүлүгү жогору экенин кошумчалады.


“Бүгүн биздин жарандарыбыз мамлекетибиздин, борбор калаабыздын келечеги үчүн добуш берип жатат. Жыл башында өткөн президенттик шайлоо менен бул жолку добуш берүү эң таза шайлоо катары тарыхта калат деп ишенем. Эч кандай административдик күч колдонулган жок. Биз жарандарга, шаардыктарга жардам берүү үчүн шайлоого аттанганбыз. 30 күн бою эл менен жолукканда шаардыктардын өтө чоң колдоосун сездик. Буйруса жеңишке жетебиз деген терең ишеним бар”, - деди ал. 


Ошондой эле Абиров буга чейин социалдык тармактарда өзүнө карата айтылган сындарга жооп берип, мындай каралоо аттаандаштары тарабынан болгонун жашырган жок.

“Биздин айрым атаандаштарыбыз тилекке каршы ушундай жолду тандады. Бирок, элибиз кимдин-ким экенин эң жакшы билет. Биз артка кылчайбай, калкыбыз үчүн эмгектене беребиз. Баарына эл тараза, эл сынчы”, - дейт Абиров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн