Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 11:35
USD
89.40
89.77
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Жаныбек Абиров: "КСДПдан кийин эмнеге "Эмгекке" өттүм? Мен парламенттик шайлоого аттанам"

18.06.2021 10:59
808
Жаныбек Абиров: "КСДПдан кийин эмнеге "Эмгекке" өттүм? Мен парламенттик шайлоого аттанам"

- Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышпай турган болуптурсуз. Эмне үчүн мындай чечим кабыл алдыңыз?

- Мен “Эмгек” партиясында калдым. Бирок, шаардык кеңешке баруунун кажети жок болуп калды. Себеби, саясый конъюнктура дагы өзгөрүлдү. Анүстүнө мен шаардык кеңеште буга чейин депутат, төрага болдум. Эми каякка барам? Ошондуктан командам, үй-бүлөм менен кеңешип, ушундай чечим кабыл алдым. Өз ордумду кийинки жаш муунга бердим. Анткен менен өз округумдагы эл менен иштешип, маселелерин чечип атам.


- Бирок, мындан эки ай мурдараак эле шаардык кеңештин шайлоосуна катышып атпадыңыз беле? Анда булар тууралуу ойлонгон эмес белеңиз?

- Мен эми Кудай буюруса Жогорку Кеңешке аттанам го. Бул жактан жогору өсүш керек деген ойдомун. Шаардын маселелери боюнча өз сунуштарымды айтып, депутаттар менен тыгыз байланышта болом. 


- Сизге карата “каралоолор” эмнеден улам келип чыкты деген ойдосуз?

- Мен өзүмдү адискөй, профессионал адам катары айта алам. Депутат болгонго чейин эле бизнес менен алектенип келгем. Менде шаардык кеңеште отуруп, айлыгымды көбөйтүп же акча жеп кетүү (!) деген түшүнүк болгон эмес. Мүмкүн, күчтүү талапкер болгонум үчүн ушундай каралоолор болууда. Мени дагы деле текшеришсин, мен эч нерсе жеген эмесин. 


- Сиз депутат болгонго чейин эле бизнес менен алектенгениңизди айттыңыз. Эмне бизнесиңиз бар?

- Дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенем. Топоз, бодо бал багам. Өзүмдүн 150 гектардай жерим бар. 


- ЖКга бара турган болсоңуз, партия менен чыгасызбы же өзүнчөбү?

- Азыркы учурда ал белгисиз.


- Мурда сиз башка партия менен жүрүп, кийин "Эмгекке" эмне себептерден улам кошулуп калдыңыз?

- Мурда КСДПда болчумун. Ага мен өз каалоом менен киргем. Мага Алмазбек Шаршеновичтин позициясы, партиянын стратегиясы жакчу. Ал эми жалпы команда боюнча эч нерсе айта албайм. Анткени, анда көп адам бар да... Ал эми “Эмгекке” эмне себептен келдим? Салымбековдордун жакшы жери бар: алар жакшыны баалашып, жаманды жерип турушат. Мен 2008-2012-жылдары Дордой базарында иштеп калдым. Ошондо алардын ишкерлерге кылган мамилесин баалагам. Түзүп берген мүмкүнчүлүк, шарттары мыкты болчу. Ушул позициядан улам, “Эмгекке” келдим.


- Алдыга карай “Эмгектин” рейтингин кандай баалайсыз?

- Абдан күчтүү рейтинг. Толугу менен биринчи орунга чыгабыз. Ишеним күч!


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн