Теке 21, 2025
Убакыт: 18:19
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Жапаров: Монголия менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири

21.07.2025 13:02
22
Жапаров: Монголия менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири


Бүгүн, 21-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун анын өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болду.


Тараптар эки жактуу кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде саясат, соода жана экономика, транспорт жана айыл чарба тармагын талкуулашты. Санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан жана Монголия тарыхый достук байланыштары бар мамлекеттер экенин, алардын тамыры терең байыркылыкка кетерин баса белгиледи.


«Бизди миң жылдык көчмөндөрдүн каада-салттары, руханий баалуулуктар жана жаратылышка болгон аяр мамиле бириктирип турат.


Биз кылымдар бою өзүнүн бай маданий мурасын түзүп, аны биздин аймактын чегинен тышкары да жайылтып келе жаткан элдердин, көчмөндөрдүн улуу цивилизациясынын урпактарыбыз.


Биз бири-бирибизди боз үйдөн, кийизден, эпостон жана көчмөн жашоо мүнөзүнөн тааныйбыз», - деди Мамлекет башчысы.


Ал бул маданий жакындык биздин мамлекеттер аралык мамилелерибизде өзгөчө ишеним маанайын түзөрүн белгиледи.


«Бүгүнкү күндө дал ушул ишенимдүү негизде биздин заман талабындагы - ачык, тең укуктуу жана өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген диалогубуз түзүлүп жатат. Монголия менен ар тараптуу кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров жана бул сапар саясий диалогду мындан ары да чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берерине ишенимин билдирди.


Өз кезегинде Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар Кыргызстандын президенти менен бирге эки тараптуу мамилелердин 30 жылдык жолун жыйынтыктоого, жетишилген макулдашуулардын аткарылышына баа берүүгө, ошондой эле конкреттүү экономикалык мазмунга толгон кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.


"Монголия үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш жана аймакты байланыштырган өзүнчө көпүрө болуп саналат. Биз бардык тармактарда, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулабыз", - деп белгиледи Монголиянын президенти.


Ал 1992-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүк аймактык жана эл аралык деңгээлде туруктуу өнүгүп келе жатканын баса көрсөттү.


Ухнаагийн Хурэлсух ошондой эле биргелешкен аракеттердин аркасында акыркы жылдарда саясий диалог жанданып, экономикалык кызматташтык динамикалуу мүнөзгө ээ болгондугуна канааттануусун билдирди.


Соңунда Монголиянын президенти азыркы мамлекеттик сапар оң динамиканын уландысы болуп, эки тараптуу алакалардын укуктук базасын чыңдоого, ошондой эле айыл чарба, маданият жана илим тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган жаңы документтерге кол коюу менен коштолооруна ишеним билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн