Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:13
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун директору Султан Аль-Маршадды кабыл алды

01.09.2022 21:07
633
Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун директору Султан Аль-Маршадды кабыл алды



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) директору Султан Аль-Маршадды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Учурдагы биргелешкен долбоорлор жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.


Мамлекет башчысы Кыргызстан Сауд Арабиясы менен кызматташуунун бардык багыттарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө артыкчылык берерин, Сауд өнүктүрүү фонду өлкөнүн стратегиялык каржы өнөктөшү катары караларын белгиледи.


Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондуна Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө билим берүү, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, транспорт жана инфраструктура тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу менен колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.


Ал Фонддун жетекчисине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн каржылоого каражат бөлүү чечими кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул ички миграцияны азайтуу максатында өлкөнүн бардык региондорунда үйлөрдү куруп баштоого мүмкүндүк берет.


Президент Сауд өнүктүрүү фонду менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.


Өз кезегинде Султан Аль-Маршад жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Мамлекет башчысына Сауд Арабиясынын Королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун саламын жеткирди.


Ал бүгүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында бир мектептин ачылышына катышканын, ошондой эле бүгүн Бишкек шаарындагы балдар үчүн медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу пландалып жатканын билдирди.


Султан Аль-Маршад белгилегендей, акыркы жылдары Фонд Кыргызстанда бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырды.


Өлкөнүн Министрлер кабинети менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын белгилеп, ал кыргыз тараптын биргелешкен долбоорлор боюнча бардык сунуштары сөзсүз караларын билдирди.


Президент Садыр Жапаров буга чейин келген Сауд Арабиясынын Королунун Көз карандысыздык күнү менен куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ага өз саламын жолдоду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн