Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:21
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жапаров менен Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болду

09.06.2021 18:08
945
Жапаров менен Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Садыр Жапаровдун кортежи ардактуу атчандар кароолунун коштоосу менен Анкара шаарындагы президенттин Сарайына келди. Кыргызстандын Президентин Режеп Тайип Эрдоган тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин, Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери тизилип турган Ардактуу кароолду бойлой басышты. Президент Садыр Жапаров жоокерлер менен түрк тилинде: «Merhaba, asker!» деп саламдашты.

Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып, мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн