Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жапаров менен Мирзиёевдин жолугушуусундагы келишимдерди ишке ашыруу маселеси талкууланды

01.03.2023 12:38
247
Жапаров менен Мирзиёевдин жолугушуусундагы келишимдерди ишке ашыруу маселеси талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов менен жолукту.


КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 28-февралда Астана шаарында “Борбордук Азия +АКШ” (С5+1) министрлеринин жыйынынын алкагында өттү.


Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын күн тартибинин учурдагы маселелерин талкуулашты.


"Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыктарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ошону менен бирге министрлер эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги алдыдагы тышкы саясаттын иш-чаралары боюнча сааттарды тууралашып, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн