Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:15
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жапаров "Турукташтыруу фондун" түздү

03.09.2021 09:05
1072
Жапаров "Турукташтыруу фондун" түздү


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик Администрациянын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тапшырылат:


— Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабууга резервди топтоону камтыган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү;


— бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн