Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жапон компаниялары Кыргызстанда IT технологияларын окутуу боюнча мектеп ачууга даяр

01.03.2021 17:07
1046
Жапон компаниялары Кыргызстанда  IT технологияларын окутуу боюнча мектеп ачууга даяр

Премьер-министр Улукбек Марипов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Премьер-министр белгилегендей, кыргыз өкмөтү инвесторлорду коргоого жана иштөө үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Тараптар бизнес, IT технологиялар, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз кезегинде Сигэки Маэда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кызматташуунун чоң потенциалы бар экендигин белгилеп, япон компаниялары Кыргызстанда программалоо жана IT технологияларын окутуу боюнча мектеп ачууга даяр экендигин кошумчалады.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары активдештирүү жана кеңейтүү тууралуу макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн