Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жарандарды мекенге кайтарууда жагымдуу транзиттик мүмкүнчүлүктөр каралды

19.05.2020 17:22
1018
Жарандарды мекенге кайтарууда жагымдуу транзиттик мүмкүнчүлүктөр каралды


Макроэкономикалык туруктуулукту колдоо жана бизнеске бирдей шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу - ЕАЭБ экономикасынын ийгилигинин негизи, деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бирдиктүү экономикалык биримдикте айкалышкан өнүгүү жана экономикалардын жакындашуусу чоң мааниге ээ болушу керек.

Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикаларын жана бизнесин колдоонун биргелешкен чараларын кабыл алуу боюнча ишти посткризистик өнүгүүнү эске алуу менен активдештирүүнү сунуштады.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков учурдагы оңой эмес мезгилде Биримдиктин башка өлкөлөрдөгү жарандарына колдоо көрсөтүүнүн маанисине да токтолду.

«Бүгүнкү кырдаалда жарандардын мекенине кайтып келүүсү үчүн жагымдуу транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү маанилүү», - деп өзгөчө белгиледи президент.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн