Учтун айы 31, 2025
Убакыт: 00:02
USD
87.30
87.80
EUR
90.80
91.80
RUB
0.875
0.910

Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин биринчи отуруму өттү

30.01.2025 11:56
37
Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин биринчи отуруму өттү


Президентинин администрациясында Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин биринчи отуруму өттү.


Жыйынды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алып барды, ал бул кеңештин төрагасы.


Жыйынга кеңештин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маалыматтык технологиялар тармагындагы алдыңкы эксперттер жана адистер катышты.


Жыйынды ачып жатып, Адылбек Касымалиев бул окуянын тарыхый маанисине токтолуп, кеңештин түзүлүшүн Кыргызстанда жасалма интеллектти өнүктүрүүдөгү эң маанилүү кадам деп атады.


Ал "жасалма интеллект — мамлекеттик башкарууну, бизнес чөйрөнү жана социалдык тармакты өзгөртө ала турган күчтүү курал" деп билдирди.


Минкаб төрагасы өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан санариптик технологияларды өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мисал катары ал жакында эле Кыргыз Республикасына биринчи суперкомпьютер сатып алынганын, ал кыргыз тилин санарип форматта колдоо үчүн колдонулуп жатканын айтты.


“Президенттин тапшырмасы менен жакынкы аралыкта өлкөдө санариптик технологияларды өнүктүрүүнү тездетүү жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча суперкомпьютерлерди сатып алуу пландалууда”, — деди Адылбек Касымалиев.


Ал белгилегендей, Улуттук кеңешти түзүү формалдуу эмес, Кыргызстанда жасалма интеллектти киргизүүнүн эффективдүү механизмин түзүү жана стратегияны иштеп чыгуу. Кеңеш өлкөнүн жарандары үчүн реалдуу натыйжаларга жетишүүгө багытталган конкреттүү чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу аянтчасы болууга багытталган.


Минкаб төрагасы кеңештин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына токтолду: жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаларды эске алуу, билим берүү программаларын түзүү жана илимий изилдөөлөрдү стимулдаштыруу аркылуу улуттук таланттарды жана стартаптарды колдоо, ошондой эле жасалма интеллектти колдонууда этикалык аспектилерге артыкчылык берүү, анын ичинде маалыматтардын коопсуздугун жана жоопкерчилигин камсыз кылуу.


Соңунда Адылбек Касымалиев кеңештин мүчөлөрүнө ийгиликтүү жана жемиштүү иштерди каалап, алардын чечимдеринин аркасы менен жасалма интеллект Кыргызстандын келечек муундары үчүн оң өзгөрүүлөрдү алып келишине ишенерин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн