Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:00
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жаш кыздар арасында өткөн Дүйнөлүк кыз-келиндер күрөшүндө Калмира Билимбек кызы күмүш утту

19.08.2021 20:19
852
Жаш кыздар арасында өткөн Дүйнөлүк кыз-келиндер күрөшүндө  Калмира Билимбек кызы күмүш утту

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы жаштар арасында кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында жазылат.


Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-22-август аралыгында Россиянын Уфа шаарында өтүүдө.


Калмира Билимбек кызы 55 кг салмакта алгач монголиялык жана америкалык спортчуну жеңип, жарым финалга чыккан. Анда мекендешибиз россиялык Анастасия Яндушкинанын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады.


Алтын үчүн күрөштө Билимбек кызы Белорустун спортчусу Алеся Гетманова менен күч сынашып, ага 6:7 эсебинде утулуп калды.


Эскерте кетсек, буга чейин Мухаммад Абдуллаев жаштар арасында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн