Казакстандагы башаламандыкта 4 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, 4 жаштагы Коркемай үй-бүлөсү менен азык-түлүк алып келүү үчүн Алматы шаарынын борбордук "Республика" аянтынын жанынан унаа менен өтүп жаткан учурда унаасы бутага алынган. Натыйжада автоматтын огу Коркемайдын башына тийген. Кыз окуя болгон жерде каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн