Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:36
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жашы жете элек кыздын "Алтын Казына" кафесинин кызматкерлери тарабынан зордукталышы боюнча дагы бир жаран кармалды

Жашы жете элек кыздын "Алтын Казына" кафесинин кызматкерлери тарабынан зордукталышы боюнча дагы бир жаран кармалды

Бишкектеги жашы жете элек кызды зордуктоо кылмыш иши боюнча тергөө убагында дагы бир шектүүнүн катыштыгы бар экендиги такталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.


Эскерте кетсек, ушул жылы 7-августта Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында кызы 2005-жылы туулган О.А. менен тааныш болгон адамдар анын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун билдирген.


Аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматында КР Кылмсыш-жаза кодексинин 154-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон.


Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, айыбы угузулуп камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.


Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгында бул кылмышка 1996-жылы туулган Т.М. дагы катыштыгы бар экендиги такталып, КР ЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.


Учурда тергөө уланып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн