Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 06:17
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Жашы жете элек кызга нике окуган үчүн молдо камалды

14.01.2021 21:56
1044
Жашы жете элек кызга нике окуган үчүн молдо камалды

Ош облусунун Ноокат районунда 16 жаштагы кызга нике кыйган деп айыпталган молдону райондук сот үч жылга эркинен ажыратып, мунапыстын негизинде жазадан бошотту. Бул тууралуу Ош облустук сотунун сайтында жарыяланды.


Маалым болгондой, окуя 2018-жылдын 20-октябрь күнү Ноокат районунун Жандама айылында болгон. 35 жаштагы молдо 16 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигитке нике кыйган, алардын паспортторун караган эмес, нике кыйганы тууралуу маалыматты каттоо китепчесине жазбай койгон.


Нике кыйган молдо райондук соттун чечими менен Жазык кодексинин 178-беренеси («Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу») боюнча айыптуу деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Бирок сот анын камсыздоосуна муктаж төрт баласы бар болгонун жана буга чейин соттолбогонун эске алып, жазык жоопкерчилигинен бошотуу боюнча мунапыс колдонгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн