Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:39
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Жашоонун маңызы – тапкан энчиңди бирөөлөргө белек кылуу

11.07.2024 13:04
168
Жашоонун маңызы – тапкан энчиңди бирөөлөргө белек кылуу


Мал-мүлкү көп киши бай эмес, колу ачык киши бай.

(Эрих Фромм)


Бирөөгө бергенден эч ким жарды болуп кеткен эмес.

(Анна Франк)


Жашоонун маңызы – өзүңдүн энчиңди табуу. Жашоонун маңызы – тапкан энчиңди бирөөлөргө белек кылуу.

(Пабло Пикассо)


Адамдын нукура байлыгы – бул анын башкалар үчүн кылган жакшылык иштери.

(Мухаммед пайгамбар)


Бакыт – бул биз алгандын эмес, биз бергендин натыйжасы.

(Бен Карсон)


Жүрөгү сүйүнүп берген кишилер бар. Бул сүйүнүч алар үчүн берилген белек.

(Халил Джебран)


Дүйнөгө жакшы нерселерди гана бергиле. Ошондо өзүңөргө эң жакшы нерсе кайтып келет.

(Мэдлин Бриджес)


Сиз сүйбөй эле беришиңиз мүмкүн, бирок бербей туруп сүйө албайсыз.

(Эми Кармайкл)


Март киши баардык нерседе март болот.

(Джоанн Харрис)


Эгер бирдекеге ээ болгуң келсе, адегенде өзүң башкаларга бер.

(Эндрю Мэтьюз)


Байлыгынан кол үзө албаган кишиге байлыгы артыкбаш жүк болуп калат.

(Джон Рональд Толкин)


Ичтардык зыян гана алып келет. Берешендик – эң мыкты инвестиция!

(Наталья Водянова)


Көңүл буруу – берешендиктин сейрек кездешүүчү жана эң таза формасы.

(Симона Вейль)


Зыкымдык – шайтандан, берешендик – Кудайдан.

(Иоанн Кронштадтский)


Берешен киши бирөөнүн зыкымдыгын байкабайт. Ал эми зыкым болсо, өзүнүн марттыгын айтып түгөтө албайт. 

(Константин Мелихан)


Берешендик ачкөздүккө караганда кирешелүү.

(Лион Фейтхвангер)


Ачкөздүкү дайыма жетпей турат, берешендики дайыма ашып-ташып турат.

(Тамара Синельни)


Берешен уялтса да марттыгы менен уялтат.

(Андрей Коваль)


Мен карыз бербейм. Эч кимге, эч качан. Карыз жаман нерсе. Андан көрө белек кылган жакшы.

(Алишер Усманов)


Зыкым киши акылдуу, таланттуу болушу мүмкүн, бирок ал сүйкүмдүү боло албайт. Сүйкүмдүүлүк – бул берешендиктин белгиси.

(Фазил Искандер)


Берешендик – бул сага караганда мен көбүрөөк муктаж болгон нерсени мага бергениң эмес. Жок, берешендик – бул мага караганда сен көбүрөөк муктаж болгон нерсени мага бергениң.

(Халиль Джебран)


Улуу кишилер гана улуу иштерге жөндөмдүү.

(Мигель де Сервантес)


Берешендикке жакыр кезде үйрөнүш керек. Бир миллиондон жүз миң бергенге караганда, бир доллардан он цент берген жеңилирээк.

(Джим Рон)


Жашоонун эки гана формасы бар: чирүү жана күйүү. Коркок жана ачкөз кишилер биринчисин, эр жүрөк, жоомарт кишилер экинчисин тандашат.

(Максим Горький)


Бай кезиңде акчаңды чачып кал!..

(Омар Хаям)


Менин атам минтип айтчу: бу дүйнөдө адамдардын эки тиби болот: берүүчүлөр жана алуучулар. Алуучулардын тамагы жакшы болсо, берүүчүлөрдүн уйкусу тынч болот.

(Марло Томас)


Өз акчаңа март, мамлекеттин акчасына зыкым болуш керек.

(Федор Ушаков)


Ыйлаган киши ыйлабаган кишиге салыштырмалуу дайыма берешенирээк болот.

(Гюнтер Грасс)


Белекке зыкым киши убадага март болот.

(Федр)


Зыкымдык – дененин алачыгы, берешендик – жандүйнөнүн храмы.

(Владимир Кафанов)


Бизди жашообуздун деңгээлине карап тосуп алып, берешендигибиздин деңгээлине карап узатышат.

(Гарри Симанович)


Даярдаган: Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн