1. Эч нерсеге кызыкпоо
Эч нерсеге кызыкпаган адамдар чоң ийгиликтерге жетишпейт. Андай адамдар эмне үчүн жашап жүргөнүн деле ойлонушпайт. Ар кайсы тармакта бийиктикке жеткен окумуштуулар, филантроптор, генийлер – баардыгы бир нерсеге кызыккан адамдар болгон. Илон Маск ракеталарга кызыкпаса, кайдан ракеталарды космоско учурмак эле? Эч нерсеге кызыкпоо – экинчи катаны пайда кылат.
2. Максаттын жоктугу
Максаты жок жаштар дүйнөдөгү көпчүлүк ийгиликсиз адамдардын арасына кошулуп калат. Ар бир адамдын алдына койгон максаты болушу керек. Максаты жок адамдар эч нерсеге башын оорутпайт, эптеп күн өтсө болду. Жаш кезинен алдына максат коюп, ага жеткенге үйрөнгөн адамдан көптөгөн ийгиликтерди күтүүгө болот.
3. Билимге маани бербөө
Ким жаштыгында жетиштүү билим албаса, анын жазасын өмүр бою тартышы мүмкүн. Эгерде адам жаштайынан пайдалуу маалыматтар менен мээсин азыктандырса, анын пайдасын өмүр бою колдонот. Китепти көп окуп, өзүн өнүктүрүү менен убактысын өткөргөндөр карыганда эч качан өкүнбөйт.
4. Убакытты текке кетирүү
Көпчүлүк жаштар күлгүн курагын оюн-күлкү, эс алуу менен өткөрөт. Жаш кезде ойноп-күлүш керек, бирок убакытты текке кетирген болбойт. Эч ким жаш кезинде кино аз көргөнүнө же компьютер ойнобой калганына өкүнбөйт. Жаштык кез – өзүн өнүктүрүүгө, жаңы нерселерди үйрөнүүгө эң сонун убакыт.
5. Ден соолукка кам көрбөө
Канчалык көп айтылбасын, ден соолугуна жаш кезинде эч ким деле жакшы кам көрбөйт. Адам улгайган сайын өзүнүн ден соолугуна көбүрөөк маани бере баштайт. Ден соолукка жаман мамиле кылуу – жаштардын эң чоң каталарынын бири.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн