Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаза аткаруу кызматы Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү боюнча үн катты

31.07.2022 12:25
504
Жаза аткаруу кызматы Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү боюнча үн катты


"Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов абакта киши колдуу болду. Маалыматты Жаза аткаруу кызматынан ырасташты.

"Бүгүн, 30-июлда Бишкектеги №21 абакта Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү табылган. Алдын ала маалыматка караганда, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн. Аны өлтүргөн киши кылмышын мойнуна алды. Учурда окуянын кандайча болгондугун тиешелүү орган кызматкерлери тактоодо", - деп билдиришти Жаза аткаруу кызматынан.

Эске сала кетсек, кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен белгилүү болгон УКТнын мүчөсү Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кармалган. Андан кийин ал 7-сентябрга чейин СИЗОго камалган.

Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн