Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы менен Астанада жолугушат

24.02.2023 12:21
266
Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы менен Астанада жолугушат

Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Астанада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушат. Бул тууралуу Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушуу мамлекеттик катчынын 28-февралга белгиленген коңшу республикага расмий сапарынын алкагында өтөт.


"Астанада АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алуусунда болуп, премьер-министрдин орун басары – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт", — деп айтылат маалыматта.


Ушул эле күнү Астанада Блинкендин катышуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын С5+1 форматындагы министрлер деңгээлиндеги жолугушуусу өтөт. Күн тартибинде АКШ менен аймактык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелери каралат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн