Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр менен элчи эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
"Аймактык кызматташтык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, ошондой эле, 2023-жылы биргелешкен сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн