Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:49
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Жээнбек Кулубаев Испаниянын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

19.01.2023 09:30
278
Жээнбек Кулубаев Испаниянын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

18-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Испаниянын тышкы иштер, Европа бирлиги жана кызматташтыгы министри Хосе Мануэль Альбарес менен телефон аркылуу сүйлөштү.


КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы күн тартибин талкуулашты. Конкреттүү багыттар боюнча кызматташууну бекемдөө максатында тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.


2023-жылдын экинчи жарымында Испаниянын ЕБге төрагалык кылуусунун алкагында Кыргызстан менен Европа бирлигинин ортосундагы кызматташуу маселелери өзүнчө талкууланды. Тараптар Кыргызстан менен Европа бирлигинин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин, оошондой эле тараптардын туруктуу саясий диалогду улантууга даярдыгын белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн