Күн мурун Эль-Кувейт шаарында тышкы иштер министри Жээнбек КулубаевКувейт мамлекетинин мураскер ханзаадасы Шейх Сабах Аль-Халид Аль Сабах менен жолугушууга катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу “Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши – Борбордук Азия” Стратегиялык диалогу алкагында өтүп жаткан тышкы иштер министрлеринин III жыйынынын жүрүшүндө уюштурулду.
Кулубаев Кувейттин жетекчилигине президенти Садыр Жапаровдун атынан салам айтып, иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн кувейт тарапка ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, акыркы төрт жылда Кыргызстан менен Булуңдагы араб мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, ушул контекстте Борбор Азия мамлекеттеринин жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин лидерлери ортосундагы саясий диалогду мындан ары бекемдөөнү сунуштады.
Ошондой эле министр кувейттик тарапты үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда жана 1-июлунда Кыргызстанда жогорку деңгээлде өтө турган Борбор Азия мамлекеттери менен Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин инвестициялык форумуна катышууга чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн