Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жээнбек Кулубаев Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүл койду

17.08.2022 19:41
893
Жээнбек Кулубаев Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүл койду

Бүгүн, 17-августта КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга болгон иш сапарынын жана Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйынынын алкагында Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды.


ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тарыхый-маданий комплексте Кулубаев Даңк аллеясы менен Ататүрктүн күмбөзүнө барып, анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Түркиянын биринчи президентинин урматына бир мүнөттүк эскерүү менен таазим этти.


Ошондой эле министр Кулубаев Аныткабир күмбөзүнө барып, Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн