Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 22:30
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарына иш сапары менен барат

07.04.2025 09:31
122
Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарына иш сапары менен барат


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-8-апрель күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.


Сапардын алкагында министр Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин жана анын мындан ары чыңдалышын талкуулашат.


Башкы катчы менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өткөн жылдын июль айында Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышына өзгөчө көңүл бөлүнөт.


Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эл аралык кызматташтыктын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн аймактык уюмдардын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн