Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:25
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

10.05.2023 21:08
349
Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекке иш сапары менен келген Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, ошондой эле ТМУнун мүчө мамлекеттеринин түрдүү тармактардагы өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде Самаркандда жана Анкарада 9-саммитиндеги жана ТМУнун кезексиз саммитиндеги мамлекет башчыларынын макулдашууларын жана чечимдерин ишке ашыруу маселелери талкууланды.


Министр Кулубаев экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө иш-чараларды күчөтүү, бул багыттар боюнча ТМУнун бардык мүчө мамлекеттеринин кызыкчылыктарына жооп бере турган конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.


Башкы катчы министрге уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, 2023-жылга карата иш пландары, ошондой эле түрк тилдүү кызматташтык институттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.


Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык органдары аркылуу ТМУ алкагында кызматташуунун түрдүү багыттары боюнча ишти активдештирүү зарылдыгына, ошондой эле уюмдун эл аралык ишмердүүлүгүнө көңүл бурушту.


Атап айтканда, министр башкы катчынын ТМУ менен башка эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты орнотуу жана бекемдөө боюнча аракеттерин оң белгиледи, бул өз кезегинде Уюмдун эл аралык аренадагы ролун жана маанисин жогорулатат.


Жолугушуунун соңунда тараптар түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара ниеттерин ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн