Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жээнбек Кулубаев Түркиянын вице-президенти менен жолугушту

18.08.2022 11:11
966
Жээнбек Кулубаев Түркиянын вице-президенти менен жолугушту

КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен 17-августта жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык жана стратегиялык өнөктөштүк рухуна негизделген эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилешти. Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүү боюнча пикир алмашуу болду.


Ошондой эле тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын иш-чаралар планын ишке ашыруу жана жакынкы аралыкта анын кийинки жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты.


Жыйынтыгында тараптар кургыз-түрк кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө каалоолорун билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн