Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын тышкы иштер министри жолугушту

06.05.2023 08:05
433
Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын тышкы иштер министри жолугушту

Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Билавал Бхутто Зардари жолукту.


КР ТИМден билдиришкендей, кесиптештердин жолугушуусу 5-майда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Индиянын Панажи шаарында өткөн.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык коопсуздук жана кызматташтык маселелерин талкуулашты.


Кулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Б. Зардаринин үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстанга боло турган расмий сапары кыргыз-пакистан мамилелеринин деңгээлин көтөрүүгө салым кошот деген ишеничин билдирди.


Тараптар билим берүү, энергетика, фармацевтика жана текстилдик өнөр жай тармактарында кызматташууну өнүктүрүү үчүн өз ара жагымдуу шарттарды түзүүдө кийинки жыйыны 2023-жылы өткөрүлө турган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн жандандырууну макулдашышты.


Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу маселелерин талкуулашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн