Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 20:22
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кувейтке барат

19.02.2025 09:43
1522
Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кувейтке барат


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын 19-20-Февралы күндөрү Кувейттин тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхьянын чакыруусу боюнча расмий сапар менен Кувейтке барат.


ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү пландалган, алардын жүрүшүндө кыргыз-кувейт кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү талкууланат.


Расмий иш сапардын жүрүшүндө тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бир катар мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн