Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 18:23:55
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Оман Султанатына барат

11.02.2025 11:18
105
Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Оман Султанатына барат


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-12-февралда кесиптеши Саид Альбусаидинин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу Оман Султанатына расмий сапар менен барат.


Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын сүйлөшүүлөрү мерчемделген, анын жүрүшүндө кыргыз-оман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий өз ара аракеттенүү, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык талкууланат.


Жээнбек Кулубаев Омандын жетекчилиги жана бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн