Теке 28, 2025
Убакыт: 04:37
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Жээнбек Кулубаев түркмөнстандык кесиптеши менен жолугушту

28.02.2023 17:06
399
Жээнбек Кулубаев түркмөнстандык кесиптеши менен жолугушту

Бүгүн, 28-февралда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - тышкы иштер министри Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствонун билдиришти.


Маалыматка ыдайык, жолугушуу Астана шаарында “Борбордук Азия + АКШ” (С5+1) министрлеринин жолугушуусунун алкагында өткөн.


Эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун башчылары кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактардагы негизги маселелерин талкуулашты.


2023-жылы өтө турган кыргыз-түркмөн иш-чараларын жогорку жана эң жогорку деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн