Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жээнбеков: Куруучулар чиновниктердин бюрократиялык тоскоолдуктарына нааразы болушууда

06.08.2020 17:47
875
Жээнбеков: Куруучулар чиновниктердин бюрократиялык тоскоолдуктарына нааразы болушууда


Бүгүнкү күндө республика боюнча 29 мектеп авариялык абалда турат. Алардан 5 имарат оңдолуп-түзөлдү жана 1-сентябрга карата колдонууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөргөн онлайн кеңешмеде билдирди.

Урматбек Кокочаров дагы 15 мектептин кошумча корпустарынын курулушу коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле мамлекет башчысы авариялык абалдагы мектеп имараттарын оңдоодо да аймактардагы ооруканаларды куруу жана оңдоп-түзөөгө болгондой мамиле кылууга чакырды. 

«Көп кабаттуу үйлөрдү же ишканаларды курууну көздөгөн бир топ ишкерлер уруксат документтерин алуу учурунда чиновниктер тарабынан жасалып жаткан бюрократиялык тоскоолдуктарга нааразычылыктарын билдиришүүдө. Кээде документтерди даярдоо узак убакытка созулуп кетип жатыптыр», - деп белгиледи президент.

Урматбек Кокочаров уруксат документтерин алуу убактысы 210 күндөн 60 күнгө кыскарганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн