Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:04
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге коронавирустан тез сакайып кетишин каалады

18.06.2020 23:53
865
Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге коронавирустан тез сакайып кетишин каалады

Бүгүн, 18-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада толугу менен сакайып кетишин каалады. Кыргызстан президенти ак ниет коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана шериктештикке негизделген кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүшүнө Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымын өзгөчө баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар эки өлкө коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоого багытталган бергелешкен күч-аракеттер жана ошондой эле эки мамлекеттин экономикасын колдоо менен гана жеңип чыгарын белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн