Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен онлайн кеңешме өткөрдү, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Коопсуздук кеңешинин облустардагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү боюнча чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Аймактардын жетекчилери жер-жерлерде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар, калкка медициналык кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат беришти.
Сооронбай Жээнбеков аймактар түзүлгөн кырдаалдан сабак алышып, бардык тобокелдиктерди өз убагында алдын алуулары керектигин белгиледи.
Мамлекет башчысы бардык медиктерди, ооруканаларды, күндүзгү стационарларды жана обсервациялык аймактарды зарыл болгон коргоочу каражаттар, жабдуулар жана дары-дармектер менен толук түрдө камсыздоосу зарыл экендигин баса белгиледи.
Айыл жерлеринде илдет жугузуп алгандарды аныктоо жана изоляция режимин сактоого байкоо жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанисине токтолду.
Ошондой эле аптекаларда дары-дармектердин запасына көңүл бурду. Мамлекет башчысы дары-дармектерге толук аудит жүргүзүүгө, зарыл болгон дары-дармектерди алдын ала камдап коюуга, жетишпегендери тууралуу маалымат берүүгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн