Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда Ош шаарындагы электробустарды чыгара турган «Кыргыз Унаа Курулуш»заводунун эмгек жамааты менен болгон баарлашууда ишкананын ишмердүүлүк масштабына купулу толгонун билдирип, өлкөдө мындай завод биринчи жолу курулуп жатканын баса белгиледи.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө.
Ошондой эле Кыргызстандан чыгарыла турган биринчи электробустун прототиби даярдалууда.
Ата мекендик электроэнергетикалык тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылууда.
Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 млн АКШ доллары сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.
Мамлекет башчысы 2001-жылы Японияга окуу программасынын алкагында «Тошиба» компаниясынын заводунда болгонун эскерип, япон корпорациясынын ишмердүүлүгү менен корпоративдик этиканын принциптери жөнүндө айтып берди.
“Тошибанын” ар бир кызматкери иштеген ишканасына өзүнүн жеке менчигиндей мамиле кылып, анын өнүгүшүнө кызыкдар экен. Өздөрүнүн билими менен күчүн арнап, алардын жетиштүү жашоосуна таасир этерин аңдап, компаниянын гүлдөп-өсүшү үчүн ак ниеттүүлүк менен иштешет», - деп белгиледи ал.
Президент кызматкерлерге ушундай жаратмандык эмгек каалап. Келечекте завод өлкөдө эле эмес, региондо дагы адыңкы позицияны ээлерине ишенерин билдирди.
Мамлекет башчысы корпоративдик биримдикке чакырып, ишкананын ийгиликтүү ишмердиги ар бир жумушчунун жана жалпы эле эмгек жамаатынын аракетинен көз каранды экендигин баса белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында жер-жерлердеги ишкерлердин демилгелерин колдоого өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады. Өлкөнүн каржы институттарынын каражаттарынын көп бөлүгү негизинен аймактардагы ишкердикти колдоого багытталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн