Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жээнбеков коронавирус менен күрөшүүгө барандуу салым кошкону үчүн Путинге ыраазычылык айтты

24.07.2020 16:25
1014
Жээнбеков коронавирус менен күрөшүүгө барандуу салым кошкону үчүн Путинге ыраазычылык айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда Россия Федерациясынан Кыргызстанга келген медициналык топтун жетекчиси — Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов менен жолугушууда Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, шериктеши катары коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө баа жеткис жардам берип жаткандыгын белгиледи.

Илдет менен күрөшүүдө бараандуу колдоосу, анын ичинде медициналык жабдуулар жана дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардамы, ошондой эле өлкөнүн медициналык мекемелерине иш жүзүндө жардам көрсөтүү жана коронавирус инфекциясы менен ооруканадан тыш пневмонияны дарылоо боюнча тиешелүү консультацияларды жүргүзүү үчүн дарыгерлердин жоон тобун жибергени үчүн Россия президенти Владимир Путинге ыраазычылыгын айтты.

Сооронбай Жээнбеков россиялык медиктердин келиши өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууда кыргыз медиктерине сезилерлик колдоо болооруна бекем ишенерин билдирди.

Россия элчиси Николай Удовиченко эки мамлекет башчысынын келишимине ылайык, Россия тарап Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүүсүн улантып жатканын белгиледи. Буга чейин өлкөгө россиялык аскердик медиктердин тобу келишкен.

Николай Удовиченко келген адистердин баары илдетти дарылоодо чоң тажрыйбага ээ экенин баса белгилеп, алардын аркасынан Кыргызстанга жалпы наркы 150 млн рублдик дары-дармектер менен медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардамдын келиши күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн