Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев абакта отурган активист Тилекмат Куреновду бошотууну Башкы прокурор Курманкул Зулушевден суранды. Бул тууралуу ал ЖКнын тармактык комитетинде билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, бийликти сындап турган адамдар да болушу керек.
"Тилекмат коомго эч кандай зыяны жок. Ал бирөөгө зыян да берген эмес. Аны үй камагына чыгарууну талап кылам. Бийликти да сындап турган адамдарды уга билиш керек",- деди Жээнчороев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн