Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:36
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жеке коопсуздук үчүн Ноорузду белгилебей койгонубуз оң, - Олжобай Шакир

19.03.2021 13:19
2558
Жеке коопсуздук үчүн Ноорузду белгилебей койгонубуз оң, - Олжобай Шакир


Пандемиянын шарттарына ылайык Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларга чектөө коюлганы туура. Мындай пикирди белгилүү публицист, акын Олжобай Шакир “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттитине берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, коронавирус бүтүндөй дүйнөнүн үшүн алды, бирок кыргыздар кенебей жатышат, митингдерге чыгып атышат. “Бир жагынан демократиялык баалуулуктарды талап кылып жатабыз дейбиз, ал жагын да колдойм. Ноорузду өткөрбөйлү десек, бирок элдик майрам дейбиз. Ошентсе да бийлик баары бир ар кандай кырдаалга даяр туруп, алдын албаса болбойт. Ар ким өз үйүндө каалгандай майрамдаганы оң”, - дейт Олжобай Шакир.


Ал кошумчалагандай, азыркы убакта жеке коопсуздук үчүн аянтка чогулуп митинг өткөрүү да туура эмес. “Өз талаптарын социалдык тармактардан флешмоб аркылуу өткөрсө деле болмок. Мунун баары убактылуу нерсе”, - деп белгиледи Олжобай Шакир.   


Белгилей кеткек, Бишкек шаардык мэриянын чечимине ылайык, борбор калаада Нооруз майрамы белгиленбей турган болду.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн