Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 15:52
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Жеке унаасы менен жүргөн Бишкек мэриясынын 64 кызматкери тартиптик жазага тартылды

19.09.2024 17:14
570
Жеке унаасы менен жүргөн Бишкек мэриясынын 64 кызматкери тартиптик жазага тартылды


Жеке унаасы менен жүргөн Бишкек мэриясынын 64 кызматкери тартиптик жазага тартылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, май айында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев мэриянын кызматкерлерине шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү тапшырган.

Бул чаралар экологиянын абалын жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын көзөмөлдөө максатында кабыл алынган. Мындай чектөөлөрдү киргизүү унаа тыгындарын азайтып, ошондой эле коомдук транспортко суроо-талапты жогорулатууга жардам берери айтылган.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу-контролдоо иштери боюнча башкармалыгы тарабынан тапшырманы аткарбаган кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

7-майдан 18-сентябрга чейин 64 жетекчи жана кызматкер аныкталып, аларга тартиптик чаралар көрүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн