Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:08
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Желтоксан-86нын шарданы менен бийликтин башына чыккан Нурсултан Назарбаевдин доору Каңтар-22 менен соңуна чыкты...

06.01.2022 12:24
2079
Желтоксан-86нын шарданы менен бийликтин башына чыккан Нурсултан Назарбаевдин  доору Каңтар-22 менен соңуна чыкты...


Ооба, Назарбаев даңазалуу бийлик кылды, пост-советтик өлкөлөрдүн лидерлеринин ичинде көрүнүктүү орун ээледи, учурдагы эгемендүү Казак мамлекетин түптөөдө, анын өнүгүүсүндө опол-тоодой эмгек кылды... 


Бирок, тагдырдын тамашасы ушундай экен, даңазалуу бийлик ашынган шермендечилик менен бүттү. 


Кече Назарбаев түзгөн  ААЛАМ талкаланды, Назарбаев түзгөн миф бырын-чырын болду... Назарбаев бүт өмүрүн арнаган  иш орду түбү менен жок болду... 


Ал көсөм жетекчи, чыгаан лидер, камкор эл башы болууну самаган, өз ысымы түбөлүккө "Нур-Султан - Эл Басы" деп калуусун эңседи... Жок, андай болбоду... Өзү ушунча жыл бапестеп келген ЭГЕМЕНДИКТИ бир түндө бүк түшүрдү, чөгөлөттү...  Ошончо жыл өзү айтып келген "көз карандысыз казак саясатын" таш-талкан кылды... Өз элин "террорист", "баскынчы" атап чет элден аскер чакырды... шаарлардын ичинде кызыл кыргын салды... 


Бул трагедия... Назарбаевдин жеке трагедиясы...  Бүтүндөй өмүрүн арнаган иш жыйынтыгы жок болуп этегине чыкты... Эл үчүн, Эгемен Казакстан үчүн эмес, болгону өзү үчүн, бала-бакырасы үчүн, укум-тукуму үчүн байлык топтоо  максатында жашагандай эле болуп калды... 


Жазмыш ушундай экен, Назарбаев эми  тарыхта  "канкор Назарбаев", "өз элин кырган Назарбаев", "эгемедүүлүктү саткан Назарбаев", "казак элин саткан Назарбаев"  болуп кала берет... кылымдан-кылымга, ооздон-оозго өтүп ушундай сөз аңыз болуп айтылат...


Эмилбек Каптагаев, мамлекеттик ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн