Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:20
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Женевада Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгү жыйынтыкталды

02.10.2021 12:03
1435
Женевада Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгү жыйынтыкталды


Швейцариянын Женева шаарында Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгү жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарапка Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчиси Скот Перринин түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде Кыргызстан "Кумтөр Голд Компанинин" менчик ээси болуп калышы сценарийин дагы карап көрүү үчүн нейтралдуу аймакта сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушу жана каты келип түшкөн.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын делегациясынын курамында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, "Кумтөр голд компани" ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер жөнөтүлгөн.

"Тараптар бири-биринин пикирлерин угушту. Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Ошондой эле зарыл болгон учурда сүйлөшүүлөрдү улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен улантууга даяр", — деди Султанбаев.

Эске салсак, май айында өкмөт Кумтөр кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизип, жетекчилигине Теңгиз Бөлтүрүктү дайындаган. Ошондон бери кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. соттошуп келе жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн