Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 00:45
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жеңишбек Эдигеев: Эми экс-президент аталып арабызда баш көтөрүп басып жүрөсүз

15.10.2020 16:07
1854
Жеңишбек Эдигеев: Эми экс-президент аталып арабызда баш көтөрүп басып жүрөсүз

Сизди көп күнөөлөдүк, сындадык, пандемия маалында аялы, жашы дебей каргадык… мезгилиңиз, бешенеңиз, жолуңуз ошондой болду, оор болду. Журттун антпешке да аргасы жок эле… Соңкусу – шайлоодогу катаңыз минтип ажолук жолуңузга чекит койду. Анын себебин эми эскерме китебиңизде өзүңүз көп ойлоорсуз. Кубантканы, кубантканынан өкүнткөнү көп болоор. Ажолук жолдун азабы менен бактысы ошолдур. Ажолук жолдун азабынын бирин сезсек миңин сезбеспиз. Сизди бүгүнкү “Арыз берүү” билдирүүңүздү укканга чейин жектеп, жек көрүп аттык. Кырдаал бизди ошого түрттү. Сөөмөй кезеп эми дагы жаранын уюгу болот тура дедик. Бирок андай болгон жок. “Мамлекеттен өткөн дөөлөт жок” дегениңизди ырастадыңыз. Сиз, урматтуу Сооронбай ага жеңил эмес турмуштагы элиңизди, баарыбызды КЕЧИРИҢИЗ! Дайыма ден соолукта, аман-эсен болушуңузду тилейбиз! Эми ушул эле керек болгон болсо, тирешкен саясат бир жактуу жолго түшөөр бирок билесизби, ошол замат кайра эле сизге карата Айоо сезими келди.

Дегеле биз ошондой экенбиз, КЫРГЫЗ ошондой эл экен: каары тоодой айоосуз да, Боорукер да эл экенбиз. Айталы, Садыр Жапаровдун бүгүнкү жылдызы жанган тагдырын дал ошол БООРУКЕРДИК жасады. Түрмө, түрмөдө жатып Атасын, түрмөдө жатып Апасын, түрмөдө жатып Уулун жоготкон тагдыры жасады. Көрсө ошонун баары карап олтурган, угуп олтурган, көрүп олтурган кыргыздын боор этин оорутчу тура. Алысынын, жакынын да, тааныганынын, тааныбаганынын да. Садыр Жапаровду билеби билбейби бирок азап чеккен адамды кыргыз жөлөйт экен, жалын салып төшөйт экен да. Эбепке себеп дейт, бүгүнкү кырдаал жаралбаганда Жапаровду жети дубан эл жакшы көрөөрүн абай салып-салбай калаар белек… ким билсин.

Жеке мен үчүн С.Жапаров - бакиевдердин кезинде калган жаман ысым катары эле жүргөн болчу. Боор деген сөз кыргызда ошол үчүн ыйык экен, жүз кырдуу экен: жакшысын боорукер деп, жаманын боору таш деп, боор ооруса боорго тебет деп, жакыны өлсө Бир Боорум! деп айттырганын караңыз. Анын сыңары президент Сооронбай Жээнбековго, анын бүгүнкү кадамына эл жылуу назарын бурду. Чындап кудай деген адам экенсиз, жакшы Жан экенсиз, элди ойлодуңуз. Саясат сизди катуу чайпады, бар тарабыңыздан талады, кайсы бир деңгээлде сындырды. Бирок ал табигый нерсе экен, Мамлекет жүгү деген ошондой экен.

Ал үчүн балким жумшак болбош керек беле, мындан күчтүү, мындан митайым, амалдуу болуш керек беле… ким билсин. Бул кадамга барбасаңыз балким элден мындай баа албас элеңиз. Талаш менен, куугун менен сүргүн менен кеткен болсоңуз анда кандай болот эле, тилекке жараша андай болгон жок. Эми экс-президент аталып арабызда баш көтөрүп басып жүрөсүз. Сиздин ажолугуңуздун, ушундайча аяктаганына да шүгүр. Баса, каалайбызбы жокпу 5-6-октябрдагы К.Ташиевдин аракети а эң башкысы С.Жапаровдун кадыры сизди, урматтуу президент тагдырыңызды жакшыга буруп кетти… Антпегенде сиз караланган бойдон мурдагы президенттердей тагдырда калат белеңиз…. Айтор ушунун баары сиздин тарых, кыргыздын тарыхы.

Аялуу айтсак ушундай. Ал эми бизди эртеңден баштап реалдуу турмуш күтөт. Кыргыз тарыхына кирген “үчүнчү ыңкылаптын” дагы далай акысы менен чүкүсү чыгат, айтылат, жазылат, далилденет, текшерилет, баа берилет. Дагы далай кырды бычак сыноолор келээр бирок эми кечээкидей жар кырына такалган күн келбесин. Жакында кыргыздын алтынчы ажосу болуп кимиси келсе да ак жолтой болсун!

Жеңишбек Эдигеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн