Теке 27, 2025
Убакыт: 13:49
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Жеңишбек Токторбаевдин ордуна Пархат Түлендыбаев депутат болуп келди

23.01.2025 18:02
367
Жеңишбек Токторбаевдин ордуна Пархат Түлендыбаев депутат болуп келди


Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандаты «Ата-Журт Кыргызстан» партиясында депутаттыкка талапкерлердин кезегинде турган Пархат Түлендыбаевге берилди.

Ал "КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды.

Эл өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Белгилей кетсек, Пархат Түлендыбаев Жеңишбек Токторбаевдин ордуна келди.

Эске салсак, бүгүн, 23-январда ЖКнын депутаты Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн