30-июлда болгон жер титирөөдөн улам Камчатка жарым аралы эки метрге жылып кеткен. Бул тууралуу Россия илимдер академиясына таянып, РБК жазды.
Окумуштуулардын айтымында, жарым аралдын түштүк-чыгыш тарабы жылган.
Бул 1952-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө болгону айтылат.
Жердин силкинүүсүнөн кийин Япония, АКШ жана Түндүк Курилдин жээктеринде цунами коркунучу жаралып, ошондой эле анын фонунда Ключевская Сопка жана Крашенинникова вулкандары атылып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн