Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:36
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жергиликтүү кеңеш-2021: Алгачкы жолу теледебаттар өтөт

22.02.2021 09:46
1683
Жергиликтүү кеңеш-2021: Алгачкы жолу теледебаттар өтөт

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоодо саясий партиялар жана талапкерлер арасында алгачкы ирет теледебаттар өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын 19-февралдагы жыйынында билдирген.


Анын айтымында, дебаттар талапкерлер тууралуу кеңири маалымат берген үгүт иштеринин бир түрү болгонун далилдеди. Азыркы тапта дебаттар ар кандай темада өтөөрү же бирдиктүү коюла турган талаптар, мазмуну талкууланып жатат.


Ошондой эле, жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда үгүт материалдарын майыптыгы бар адамдарга ыңгайлаштырып чыгаруу талабы да коюлууда. Маселен чыккан материалдардын бир проценти Брайл шрифти менен басылып, көзү начар көргөндөргө аудио форматта, кулагы начар уккандарга видео роликтерге сурдокотормочу берилиши керек. Бул ирет үгүт насаат учурунда көчөдө, спорттук аянтарда элди чогултууга тыюу салынат.


Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.


Былтыр апрелде Кыргызстанда мөөнөтү бүткөн беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жараяны коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган эле. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн