Дагы беш партия Бишкек АШКга шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов 24.kg агенттигине билдирген.
Анын айтымында, документтерди "Легалайз", "Ата-Мекен", "Эмгек", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Улуу-Журт" партиялары тапшырган.
Буга чейин "Жашылдар партиясы" жана "Ыйман Нуру" катыша тургандыгы жөнүндө кабарланган. Ошентип, бүгүн жети саясий партия Бишкек шаардык кеңешиндеги мандаттар үчүн жарышка катышууну пландаштырууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн