Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу өз убагында өтөт

17.03.2020 16:36
805
Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу өз убагында өтөт



Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн билдирди. БШК төрайымы “Азаттык” үналгысына берген маегинде жугуштуу илдеттин алдын алыш үчүн аталган мекеме бир катар чараларды иштеп чыгарын маалымдаган.


«Үгүт иштери жүрүп жатат. Биз массалык жолугушууларды азайтып, башка үгүт формаларына өтүүнү сунуш кылып жатабыз. Мыйзам боюнча талапкерлер эл менен жолугууга укуктуу. Бирок, кырдаалды эске алып заманбап технологияларды колдонсок болот. Партияларга shailoogov.kg деген сайтты сунуш кылып, ал жерге маалыматтарын жайгаштырууга мүмкүнчүлүк бердик. Ошондой эле акысыз теле дебаттардын убактысын узартуу каралып жатат», - деген Шайылдабекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн