Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо мөөнөттөрү белгилүү болду

26.09.2024 10:58
262
Жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо мөөнөттөрү белгилүү болду


Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоону утурлай, талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо мөөнөттөрү белгилүү болду.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү 7-октябрда, ал эми талапкерлердин тизмесин каттоо 18-октябрда аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрында саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрда жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга дайындалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн